Жетекчи

Mambetov

Председатель Правления ЗАО МФК «АЮ Финанс»:

 

Мамбетов Кубаныч Сатындыевич

Билими: Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин экономикалык факультетин “Экономикалык жана социалдык пландаштыруу” адистиги боюнча бүтүргөн, андан соң ушул эле университеттин Юридика факультетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Иш тажрыйбасы: Мамбетов Кубаныч Кыргызстандын банк чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбага ээ адис. Ал бир катар жылдар бою АКБанк «Толубай» ЖАКтын жетекчисинин бири катары кредиттөөгө байланыштуу иш багытын түздөн-түз тескөөгө алып, олуттуу тажрыйга ээ болуу менен Азия өнүгүү банкынын “Кыргызстанда кредиттик союздарды жана микрофинансылык институттарды өнүктүрүү долбоорунда иштеген. «Залкар Банк» ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөсүнөн болгон. Камсыздандыруу рыногунда иш тажрыйбасына ээ болуу аркылуу Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментин жетектөөгө чейин жетишкен. Учурда “Микрофинансылык компания «АЮ Финанс» ЖАКтын башкармасынын төрагасы кызматын аркалап келет.